ЖК депутаттыгына талапкерлерден жалпы 147 млн 50 миң сом күрөө чогулду

ЖК депутаттыгына талапкерлерден жалпы 147 млн 50 миң сом күрөө чогулду

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бүгүн "Биринчи радионун" эфиринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына канча талапкер шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн айтып берди.

Анын маалыматына караганда, күрөөнү 507 талапкер төккөн, жалпы сумма 147 млн 50 миң сомду түздү.

Эске салсак, буга чейин КРнын Салык кызматы талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо фонддорунан ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, өкүлдөрдүн милдеттерин жана  үгүттүк кызматтарды  аткаруу үчүн физикалык жактар алган акчадан киреше салыгы алынбай турганын кабарлаган. 

Ошондой эле шайлоо кампаниясынын убагындагы үгүтчүлөрдүн иши салык алынуучу ишмердүүлүк түрүнө киргизилген эмес. 

Мындан сырткары, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тарифтери жөнүндө” мыйзамына ылайык үгүттөөчүлөрдүн, байкоочулардын, ишенимдүү адамдардын кирешелери, сый акылары мамлекеттик социалдык  камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунан бошотулган. 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСР) аналитиктери Кыргызстан боюнча макроэкономикалык божомолду жогорулатышты. Алардын күтүүсүнө ылайык, 2026-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 8,3% өсүп, болжол менен 2 трлн 334,8 млрд сомго жетет. 2026-жылы экономиканын ылдам өсүшүнүн негизги фактору фискалдык стимулдардын кеңейиши болот. Мамлекет социалдык чыгымдарды көбөйтөт: бюджет кызматкерлеринин айлык

Кыргызстандын электромобилдерди импорттоо квотасынын 43%ы колдонулду

Кыргызстандын электромобилдерди импорттоо квотасынын 43%ы колдонулду

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылга карата электромобилдерди импорттоо боюнча квота 42,96%га аткарылды. Башкача айтканда, Кыргызстанга 6 444 унаа алып келинген. Маалымат үчүн, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстан үчүн жыл сайын 15 000 электромобилге квота каралган. Бул квотадан 8 556 унаага гана орун калды дегенди билдирет. Кыргызстандын экономика,

Марлен Маматалиев Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин эскерди

Марлен Маматалиев Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин эскерди

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.  Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал тышкы геосаясий факторлорго карабастан туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу 20-апрелде радионун эфиринде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу тармактар башкармалыгынын адиси Адеми Мурзабекова билдирди. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалга байланыштуу монополияга каршы кызмат мамлекеттик органдарга бир катар