Бишкекте мыйзамсыз турак үй сатууга аракет кылган компаниянын иши токтотулду
Кечээ, 10-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзгөн компанияны аныктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “Arcon” ЖЧКсы курулушка уруксат кагаздары жок, реестрге катталбаган жана социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сатууга аракет кылганы белгилүү болду. Натыйжада министрлик компаниянын ишин токтотуп, сатуу бөлүмүн жапты. Тиешелүү материалдар Укук коргоо органдарына өткөрүлдү.
Курулуш министрлиги бардык компанияларды мыйзам чегинде гана иш жүргүзүүгө чакырып, мыйзам бузган учурда Жаза кодексинин ылайык чаралар көрүлөөрүн эскертет.
Министрлик жарандарды турак үй сатып алууда объект реестрде катталганын тактоого жана келишим түзүүдөн мурда бул маалыматты текшерүүгө чакырат.