Бишкектеги спорт арена капиталдык оңдоодон кийин кайра эшигин ачты

Бишкектеги спорт арена капиталдык оңдоодон кийин кайра эшигин ачты

Бишкек шаарында капиталдык реконструкциядан кийин заманбап форматта жаңыртылган спорт аренасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров катышып, аренага «Жаштык арена» деген жаңы ат берүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул аталыш жаштык, энергия жана өнүгүүгө умтулуу духун чагылдырат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Мурунку Дөлөн Өмүрзаков атындагы арена толук реконструкцияланып, 5 000 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорт комплекске айланды. Имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метр болуп, үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Ичинде машыгуу залдары, медициналык бөлмө, фуд-корт, VIP-зал жана автоунаа токтотуучу жай бар.

Ачылыш аземинде Президент Садыр Жапаров футбол тобуна кол коюп, аны келечек муундарга символдук белек катары тапшырды. Өлкө башчысы Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен биргеликте аренадагы шарттар менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында “Кыялымдагы Кыргызстан” улуттук жаштар форуму өтүп, жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган идеяларын сунушташып, мамлекеттин келечегине салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты. Катышуучулар ISO 37001:2025 "

Ишкер Media
Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды. Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат.  Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш,

Ишкер Media
Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media