Бишкек шаарында коллектордук-дренаждык тармактар тазаланууда

Бишкек шаарында коллектордук-дренаждык тармактар тазаланууда

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаардагы коллектордук-дренаждык (КДТ) тармактарды тазалоо боюнча пландалган иштерди жүргүзүүдө. Тазалоо иштери кол менен жана атайын техникалар менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаар боюнча жалпы коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 80,6 км, анын ичинен ачык КДТ – 64 кмжабык КДТ – 16,6 км түзөт.

Эскертсек, тазалоо иштери жылына эки жолу, жаз жана күз айларында жүргүзүлөт. Негизги көңүл жер астындагы суулардын деңгээли жогору болгон аймактарга бурулуп, айрыкча Биринчи Май жана Свердлов райондорунун конуштарында каналдар үзгүлтүксүз тазаланат. Бул аймактарда ылай топтолуп, камыш өсүп кетүү учурлары көп кездешет, ал системанын кадимки иштешин камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз тазалоону талап кылат.

Жабык КДТ тармактардын ишин негизинен жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз кошулуп тиричилик калдыктарын агызуусу, дренаждык тармактардын үстүнө тосмолорду орнотуу жана кудуктардын капкактарын уурдоо кыйындатууда.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын ирригациялык тармактарга таштанды таштабоого, мүлккө аяр мамиле кылууга жана шаар кызматкерлеринин эмгегин урматтоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Америкалык соода палатасынын иши алкагында Кыргызстандан бизнес-делегация түзүлүп, АКШнын Вашингтон шаарында 3–6-май күндөрү өтө турган ири инвестициялык форум — SelectUSA Investment Summitга катышат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова 16-апрелде радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, форум АКШнын Соода министрлиги тарабынан уюштурулуп, АКШнын 50 штатынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,