Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Бүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөө" долбоорунун алкагында абанын сапатын баалоо системасын иштеп чыгуу максатында ОшМУда илимий борбор ачуу пландалып жатканы белгиленди.

Ошондой эле тараптар Ош облустук клиникалык ооруканасы жана облустук онкологиялык борбор үчүн медициналык жабдууларды гранттык негизде камсыз кылуу, Ош эл аралык аэропортунда аэронавигация үчүн жаңы мунара куруу боюнча иштерди талкуулашты.

Элчибек Жантаев Япония өкмөтүнө жана JICAга Кыргызстанда билим берүү, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, "Бир айыл – бир продукт" программасы, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, тоо-кен жана кайра иштетүү тармактары, ошондой эле маданият, искусство жана археология багытындагы демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал мындан тышкары, аталган долбоорлордун Ош облусунун өнүгүшүнө, инфраструктуранын жаңылануусуна жана жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошоорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Америкалык соода палатасынын иши алкагында Кыргызстандан бизнес-делегация түзүлүп, АКШнын Вашингтон шаарында 3–6-май күндөрү өтө турган ири инвестициялык форум — SelectUSA Investment Summitга катышат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова 16-апрелде радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, форум АКШнын Соода министрлиги тарабынан уюштурулуп, АКШнын 50 штатынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,