Шайлоо эрежелерин бузгандар жоопко тартылууда

Шайлоо эрежелерин бузгандар жоопко тартылууда

Боршайкомдун 18-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселе каралды.

БШКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, Whatsap мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн короолорундагы дарактарга № 20 округдан талапкерлердин биринин үгүт баннерлери илинип турганы аныкталган. Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамда белгиленгендей - үгүт материалдарын жашыл өсүмдүктөргө, тоонун боорлорна жана чокуларына, башка табигый дөңсөөлөргө кандай түрдө болбосун пайдаланууга болбойт.

Мындан сырткары Facebook социалдык тармагында кыргыз жараны М.Сатыбалдиева № 30 шайлоо округунун бир талапкеринин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды калтырган. Жумушчу топтун жыйынында М.Сатыбалдиева бул билдирүүнү жазгандыгын тастыктаган.

Дагы бир талапкер үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашкан. Билдирүүгө караганда, тиешелүү келишим түзүлбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына талапкердин үгүт баннерлери илинген.

Жогоруда келтирилген мисалдарды карап чыгып, БШКнын жумушчу тобу 2 талапкерлерге Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады. Ал эми М.Сатыбалдиевага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу кабыл алынды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.