Таш-Көмүрдө 35 млн сомго күрөш залы курулуп жатат
Таш-Көмүр шаарында 35 миллион сом каражатка жаңы заманбап күрөш залынын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып жатат.
Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, башкы долбоорго ылайык, спорт комплекси эки блоктон турат. Имаратта эл аралык талаптарга жооп берген күрөш жана бокс залдары, спортчулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Объекттин жалпы аянты 588 чарчы метрди түзөт.
Учурда курулуш иштери 50%га аткарылып, жумуштар графикке ылайык уланып жатат.


