Бишкекте 1 427 аз камсыз болгон жаран көмүр алуу үчүн акчалай компенсация алат

Бишкекте 1 427 аз камсыз болгон жаран көмүр алуу үчүн акчалай компенсация алат

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 2025-2026 күзгү-кышкы мезгилге карата көмүр алуу үчүн акчалай компенсация алышты. Бул тууралуу Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек мэринин отун-энергетикалык комплекси боюнча орун басары Нургазы Курманбеков билдирди. 

Анын айтымында, 1 миң 427 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана эки уюмга бюджеттен 8,6 млн сом бөлүнгөн. 
Эске салсак, буга чейин көмүр алуу үчүн берилчү компенсация 6 миң сомду түзөрү айтылган. Башкалардын жардамына муктаж жалгыз жашаган пенсионерлер менен жарандарга көмүрдү үйлөрүнө жеткирип алуу үчүн 700 сомдон 900 сомго чейин кошумча төлөм берилет. 

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү: Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды