Бишкек мэринин орун басары коомдук айдоочулар менен жолукту
Күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев шаардык коомдук транспорттун айдоочулары менен биргелешкен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Жолугушууда Р.Алиев, Транспорт департаментинин өкүлдөрү жана "Бишкек шаардык транспорту" МИсинин кызматкерлери айдоочулардын пикирлерин жана сунуштарын угуп, актуалдуу маселелерди жана учурдагы көйгөйлөрдү талкуулашты.
Мындан тышкары, төмөнкү темалар көтөрүлдү:
- айдоочулардын жетишсиздиги;
- айдоочулардын жол жүрүү учурунда алаксытуучу накталай төлөмдөрдү алып салуу өтүнүчү;
- жол кыймылынын эрежелерин так сактоо;
- айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу.
Иш-чаранын негизги максаты айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана күнүмдүк көйгөйлөргө ыкчам жооп берүү болду.
Мэрдин орун басары транспорт тармагын көзөмөлдөө алкагында жеке өзү линияга чыгууга ниеттенип жатканын, андан кийин көтөрүлгөн бир катар маселелер каралып, чечилерин белгиледи.


