Көлмөсүндөгү 90 тонна балыгы өлүп калган ишкер укук коргоо органдарына кайрылды

Көлмөсүндөгү 90 тонна балыгы өлүп калган ишкер укук коргоо органдарына кайрылды

Ысык-Ата районундагы суунун булганышынан улам 90 тонна балык өлүп калган көлмөнүн ээси 24.кg маалымат агенттигине кайрылып, иликтөө иштеринин кечеңдөөсү жана аны жабырлануучу катары таануудан баш тартылып жатканы тууралуу айтып берген. 

Ишкердин айтымында, 12-август түнү “Жаңы көл” балык чарбасынын көлүндөгү балыктар толук кырылып калган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин ички иликтөөсүнөн соң сууда нормадан бир топ жогорку деңгэлдеги аммиак бар экени аныкталган. Бул кычкылтектин жетишсиздигин пайда кылып балыктардын гипоксиясына алып келген. 

Министрликтин маалыматында суунун булганышына айылдардан же өнөр жай ишканаларынан агып келген химиялык-биологиялык заттар себеп болгону айтылган. Натыйжада көлмө ээси Виктор Ким 24,5 млн сомдук материалдык чыгымга учураган. Ал Чүй прокуратурасына кайрылып, алар комплекстик текшерүү жүргүзүшүп экологиялык мыйзам бузуулар боюнча акт түзүшүп, кылмыш ишин козгошкон. Матералдар андан ары кароо үчүн аймактын башкы ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.    

Виктор Кимдин айтымында, кылмыш иши козголгонуна карабай, ал эмдигиче жабырлануучу катар кабыл алынбай, тергөөчүгө жолуга албай жатыптыр. ОШол себептен ал Чүй облусунун укук коргоо органдарынын жектечилигинен КРнын мыйзамдарына ылайык бул иштин тергөө иштерин ылдамдатып, укугун коргоп берүүнү суранган.  

24.kg редакциясынын суроосуна Чүй облустук ИИББинен жооп берип, бул иш боюнча тергөө жана процессуалдык иш чаралар жүрүп жатканын жана мыйзам чегинде жыйынтык чыгарын билдиришкен. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу