Кыргызстан Германияга ишке орноштуруу, миграция жана калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча кызматташуу сунуштарын билдирди

Кыргызстан Германияга ишке орноштуруу, миграция жана калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча кызматташуу сунуштарын билдирди

Кечээ эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Германиянын Социалдык иштер жана Экономика министрликтеринин мамлекеттик катчылары менен жолугушканы маалым болду. 

Жолугушууда министр эки тараптуу кызматташуунун үч негизги багытын белгиледи. Анын бири - кыргызстандык жарандарды Германияда ишке орноштуруу. К.Сагынбаевдин билдиришинче, 2023-жылдан 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде өлкөдөн 6 710 студент Германияда иштөөгө жөнөтүлгөн. Муну көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар.  

Ошондой эле министр адистерди алдын ала даярдоо борборун түзүү пландары тууралуу билдирди. Ага немис тилине окутуу, кесип тандоо, тышкы эмгек миграциясы боюнча жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу мамлекеттик борборунун ролу кирет.

Буга улай Канат Сагынбаев экинчи багыт — миграция жана реадмиссия тармагындагы кызматташтык экенин билдирди.

“Биз реадмиссия боюнча өзүнчө келишим түзүүнү сунуштайбыз. Бул тараптардын компетенцияларын так бөлүүгө, макулдашуу процессин тездетүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт”, - деди министр.

Ошондой эле ал үчүнчү багыт — калктын аярлуу катмарларын колдоо боюнча тажрыйба алмашуу маселесине да токтолду. Мында министр Ottobock компаниясы менен кызматташуу тууралуу эске салды. “Биз социалдык саясат, жумушка орноштуруу жана миграция маселелери боюнча жумушчу топ түзүүгө жана биргелешип иштөөгө ачыкпыз”, — деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га