Токтогулда 750 орундуу үч кабаттуу мектеп курулуп жатат
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган мектеп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.
Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.


