Токтогулда 750 орундуу үч кабаттуу мектеп курулуп жатат

Токтогулда 750 орундуу үч кабаттуу мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мектеп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда. 

Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр. 

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен