АКШ мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 1000 доллардан убада кылды

АКШ мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 1000 доллардан убада кылды

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) "майрам алдындагы акциянын" алкагында мыйзамсыз мигранттарга мекенине кайтуу үчүн миң доллар сунуштаганын РИА Новости жазды.

DHS тарабынан X социалдык түйүндөрүндө жарыяланган видеодо агенттик мигранттардан телефондоруна атайын тиркемени жүктөп алып, жеке маалыматтарын толтурууну суранат. Андан кийин Улуттук коопсуздук министрлиги документтерин даярдап, мигрант мекенине кайтып баргандан кийин 1000 доллар төлөп берүүнү убада кылып жатат.

"Сезондун мыкты сунушун колдонуңуз — мекениңизге акысыз учуу жана 1000 доллар," — деп айтылат жарнамалык ролик стилинде жасалган видеодо.

Дональд Трамп президенттик кызматындагы биринчи сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирүүнү дароо токтотууну жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. Ошондой эле ал Кошмо Штаттардын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Мындан тышкары окуңуз

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Зардалыда кичи футбол аянтчасы курулууда

Баткен облусунун Зардалы айылында кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен салынып жаткан спорт аянтчасын көрүп чыкты. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында мамлекет башчысы Зардалы айылына барган учурда жергиликтүү тургундар менен

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдары 1869 майыптуулугу бар бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 2026-жылдын биринчи кварталында 174 бала реабилитация курсунан өттү. Алардын 71и кыз, 103ү эркек балдар. Борбордун кызматтарын алган балдардын көбү Бишкек шаарынан — 91 бала. Калгандары Чүй облусунан

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы