Бишкектеги мектептерде эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү
Бишкек шаарында жалпы билим берүү уюмдары күн сайын көзөмөлдөнүп турат. Зарыл болгон учурда шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарып, балдарды карантинге жөнөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Чечимдер жеринде кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө болот. Шаардык мэрия ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга, балдардын ден соолугуна көңүл бурууга жана курч респиратордук вирустук инфекция же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырат.
Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат, жана шаар бийлиги балдардын коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирет.