Halal Expo 2025: Кыргызстандын адал индустриясы эл аралык деңгээлде өнүгөт

Halal Expo 2025: Кыргызстандын адал индустриясы эл аралык деңгээлде өнүгөт

26-29-ноябрь күндөрү Стамбул шаарында өткөн Halal Expo 2025 көргөзмөсүнө жана 11-Дүйнөлүк Халал саммитине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" жана бир катар ата мекендик компаниялар катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Ислам Кызматташтык Уюму, SMIIC жана ICDT уюмдарынын колдоосу менен уюштурулуп, адал продукцияларынын дүйнөлүк соодасы үчүн ири платформа болуп кызмат кылды. Көргөзмөдө Кыргызстан колбаса, бал, кургатылган жемиштер, улуттук суусундуктар жана башка продукцияларын сунуштады.

Иш-чаранын алкагында борбордун директору Алмаз Кайырбеков SMIIC, TSE жана Түркиянын Адал аккредитациялоо агенттигинин жетекчилери менен жолугушуп, адал стандарттарын Кыргызстанда өркүндөтүү, адистерди окутуу жана аккредитация жаатында кызматташууну талкуулады. Ошондой эле Татарстан жана Малайзиянын өкүлдөрү менен да бизнес байланыштарды чыңдоого багытталган жолугушуулар болду.

Түркиянын Бажы жана соода министри Өмер Болат Кыргызстан стендине келип, ата мекендик продукциянын сапатын жогору деп баалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,