11 айда фитосанитардык талаптарды бузган 562,5 тонна жүк артка кайтарылган

11 айда фитосанитардык талаптарды бузган 562,5 тонна жүк артка кайтарылган

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы менен фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 562,5 тонна жүк өлкөгө киргизилбей артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аткарылган көзөмөл чараларынын негизинде жалпы 35 учур катталып, алардын курамына:
• 562,5 тонна ар кандай жүктөр,
• 70 515 даана көчөт,
• 11 387 даана гүл,
• 136 м³ пиломатериал кирген.

Фитосанитардык талаптарды бузган карантиндик жүктөргө карата мыйзамга ылайык кайтаруу, жок кылуу жана зыянсыздандыруу сыяктуу чаралар көрүлдү.

Ошондой эле аталган фактылар боюнча Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине дипломатиялык каналдар аркылуу расмий нота жөнөтүлгөн.

Департамент белгилегендей, фитосанитардык көзөмөл — өлкөнүн аймагына зыяндуу организмдердин кирүүсүн алдын алуу жана өсүмдүк чарбасын коргоо боюнча маанилүү механизм. Бул иштер өсүмдүк чарба рыногунун коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн экспорттук потенциалын сактоого жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке