Ошто “Достук” чек ара бекетине 45 метрлик флагшток орнотулууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен “Достук” чек ара бекетинде бийиктиги 45 метр болгон флагшток орнотулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Флагшток менен кошо аймакты көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Атайын брусчатка төшөлүп, отургучтар орнотулууда.



