Аламүдүндөгү “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери жүрүп жатат

Аламүдүндөгү “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери жүрүп жатат

Аламүдүн районунда жайгашкан “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Каналдын жалпы узундугу 4,16 км түзүп, ал 3212 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылат. Бул тууралуу Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бетон полотно төшөө иштери сугат суусун жоготуусуз пайдаланууга, дыйкандарга жана айыл тургундарына суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. Натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулайт.

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын жалпы 1100 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган. Бүгүнкү күндө 200 метрге бетон полотносу ийгиликтүү төшөлдү.

Иш-чаралардын жүрүшү айыл чарба продукциясын камсыздоону жана суу ресурстарын эффективдүү пайдаланууну жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media