Бишкекте абанын сапатын текшерүү иштери улантылууда

Бишкекте абанын сапатын текшерүү иштери улантылууда

2-3-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы шаардагы мончо жана сауналарды текшерүүнү улантты. Инспекторлор 83 объектти кыдырып, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 49 мончо менен сауна катуу отун — көмүр жана отун колдонуп жатканы аныкталды. Ал эми 8 объект газга же электр жылытууга өткөнү белгилүү болду, калган объекттер өз ишин токтоткон. Атап айтканда, Орозов көчөсүндөгү 134-үйдө жайгашкан жеке мончо майда көмүр колдонуп жатканы аныкталды, бул Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №290 токтомун бузуу болуп эсептелет. Жеке мончонун ээсине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык инспекция борбор калаанын тургундарын экологиялык эрежелерди сактоого чакырып, жылытуу үчүн майларды, таштандыларды жана уулуу заттарды колдонбоого, жалбырактарды жана тиричилик калдыктарын өрттөөдөн алыс болууга, ошондой эле мүмкүн болушунча газ менен жылытууну колдонуп, экологиялык таза күйүүчү майларга өтүүгө үндөдү.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык шаар аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын, авто майларын, боёк материалдарын, пластмасса, каучук, желим буюмдарын жана резина буюмдарын өрттөө тыюу салынган.

Муниципалдык инспекция шаар тургундарын экологиялык жоопкерчиликке чакырып, абаны жана чөйрөнү коргоо иштерин күчөтүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media
Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media