"Росатом" 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы турат

"Росатом" 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы турат

"Росатом" 2026-жылы Кыргызстандагы кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) курууну баштоону пландап жатат. Азыр объектти долбоорлоо иштери башталып калганын "Росатомдун кайра жаралуучу энергиясы" АКнун ("Росатомдун" мамлекеттик корпорациясынын мекемеси) башкы директору Григорий Назаров ТАСС МАне билдирген.

“Биз ноябрда бул станциянын туташтыруу шарттарын алдык, бул бизге объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштоого мүмкүндүк берет. Азыркы тапта жалпы отурукташуу, аянтча жана туташтыруунун схемасы аныкталды. Биз конкреттүү параметрлерди алдык жана объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштап жатабыз. Курулуш техникасынын аянтчага чыгышын карай турган болсок, бул 2026-жылы болот, ал эми  конкреттүү айын айтууга али эрте” - деп ал, Дагестанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Росатом 2024-жылдын аягында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 100 МВт кубаттуулуктагы ШЭС куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койгон. Келишим шамал электр станциясын куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну, ошондой эле шамал электр станциясы тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media