Жеке ишкер 7 манасчыга батир белек кылды

Жеке ишкер 7 манасчыга батир белек кылды

Бүгүн жеке ишкер Нургалы Асаналиев 7 манасчыга батир белек кылып, ак өргөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылганын "Кабар" агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирген.

Мындай демилге улуу мурас болгон "Манас" эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.

Манасчылар Нургалы Асаналиевге бата беришип, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин дагы көтөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Ишкер маданий мурастарды колдоону мындан ары да уланта беришин айтып, манасчыларга чыгармачылык ийгилик каалады.

Мындан тышкары окуңуз

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган. Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн. Бул

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу  мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады.

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

"Буффет" ашканасына 23 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында жапырт уулануу катталганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык‑эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, ал эми экөө амбулатордук дарыланууда. "Алдын ала аныкталгандай, жабыркагандар “Буффет” ашканасында даярдалган тамактарды жешкен", — деп айтылат билдирүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктуралык иштеринин 50%ы бүттү

"Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы, 126 метр узундуктагы транспорттук туннелди казуу толук аяктады. Бул курулуш техникаларын жеткирүүнү камсыздайт. Ошондой эле учурда курулуш аянтчасын электр энергиясы