Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймактарында жер кыртышынын эрозиясын азайтуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүү максатында жол боюнда мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында ар бир районде болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү дарактар тигилет. Учурда айрым облустарда тиешелүү жер тилкелери аныкталып, 2026-жылы көчөттөрдү отургузууну баштоо пландалууда.

Министрлик аймактык климаттык шарттарды эске алуу менен “2024–2028-жылдарга карата мөмө-жемиш, жүзүм жана жангактуулардын сортторун райондоштуруу” тизмесине ылайык сортторду колдонууну сунуштайт.

Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жол бойлото туура уюштурулган мөмөлүү бактар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна да оң таасирин тийгизет.

Азыркы тапта бул демилгени ишке ашыруу үчүн Министрлик адистери тарабынан Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескеме долбоору даярдоо үстүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып