Б.Төрөбаев “Таштан” фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Б.Төрөбаев “Таштан” фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районунун Петровка айылында жайгашкан “Таштан” фермердик чарбасына барып, чарбанын ишмердүүлүгү жана өндүрүш процесси менен жеринде таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул чарба 2025-жылдын 15-майында министрликтин №05/2-17/109 буйругунун негизинде асыл тукум субъектиси катары расмий каттоодон өткөн.

“Таштан” фермердик чарбасы тууралуу:

  • Чарба бодо малдын “Симментал” породасын өстүрүүгө адистешкен.
  • Жалпы мал саны — 331 баш, анын ичинен 170и тубар уйлар.
  • Бир уйдан орто эсеп менен 6100 кг сүт алынат.
  • Чарба жылына орто эсеп менен 10 баш асыл тукум мал сатат.
  • Жылдык төл алуунун көрсөткүчү — 85%.
  • Өндүрүштү натыйжалуу жүргүзүү үчүн 548,6 га жер пайдаланылат, анын 190 гектары Айыл чарба фондунан ижарага алынган.

Ферманын жетекчиси Юсупов Вахабжон Таштанович мал чарбасын заманбап ыкмалар менен жүргүзүп, аймактагы асыл тукум мал багытын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келет.

Министрдин сапары фермердик чарбанын келечектеги өнүгүүсүнө, асыл тукум мал багытын кеңейтүүгө жана мамлекеттик колдоонун мындан ары да улантыларына ишеним берди.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media