Чолпон-Атада шаардык архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Чолпон-Атада шаардык архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Чолпон-Ата шаарында Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Министр жаңы имараттын аймактагы шаар куруу тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү деңгээли мындан ары дагы жогоруларын билдирди.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы 288 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоорун талкуулоого арналган көчмө эксперттик жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Иш-чара Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана ЕККУнун эксперттеринин колдоосу менен уюштурулду. Жолугушууга Нарын облусунун бизнес-коомчулугунун, тармактык

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Суу районунун Тойчу айылында 300 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, имараттын жалпы наркы 119 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Башкы пландын негизинде мектепте 12 окуу классы, дарыгер бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мектеп

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда автобустарга GPS-трекерлер орнотулуп, “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип