Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн
Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны ылдамдатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык коркунучтардан коргоого шарт түзөрүн Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) айтылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2000-жылдагы 62,6%дык жакырчылык деңгээлин 2024-жылы 26%дан төмөн көрсөткүчкө чейин азайткан.
Бирок экономикалык өсүш жана жумуш орундарын түзүү улуттук өнүктүрүү максаттарынан арта калып келет. Министрлер кабинети 2030-жылга чейин орто-чоң кирешелүү өлкө макамына жетүүнү, туруктуу ИДП өсүшүн камсыздоону жана сапаттуу жумуш орундарын көбөйтүүнү көздөйт, бирок климаттык кескин өзгөрүүлөр бул максаттарга коркунуч туудуруп жатат.
Алдын ала божомолдорго ылайык, улам күчөп бараткан нөшөрлөр, катуу шамал жана жер көчкүлөр, экстремалдуу ысык жана кургакчылык өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн чектеши ыктымал.
Божомолдорго ылайык, XXI кылымдын ортосуна карата бул климаттык таасирлер ИДПнын 2–4 пайызга чейин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Эң чоң сокку айыл чарбасына жана негизги инфраструктурага тийип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана транспорттук байланышына терс таасир этет.