Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны ылдамдатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык коркунучтардан коргоого шарт түзөрүн Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) айтылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2000-жылдагы 62,6%дык жакырчылык деңгээлин 2024-жылы 26%дан төмөн көрсөткүчкө чейин азайткан.

Бирок экономикалык өсүш жана жумуш орундарын түзүү улуттук өнүктүрүү максаттарынан арта калып келет. Министрлер кабинети 2030-жылга чейин орто-чоң кирешелүү өлкө макамына жетүүнү, туруктуу ИДП өсүшүн камсыздоону жана сапаттуу жумуш орундарын көбөйтүүнү көздөйт, бирок климаттык  кескин өзгөрүүлөр бул максаттарга коркунуч туудуруп жатат.

 Алдын ала божомолдорго ылайык, улам күчөп бараткан нөшөрлөр, катуу шамал жана жер көчкүлөр, экстремалдуу ысык жана кургакчылык өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн чектеши ыктымал.

Божомолдорго ылайык, XXI кылымдын ортосуна карата бул климаттык таасирлер ИДПнын 2–4 пайызга чейин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Эң чоң сокку айыл чарбасына жана негизги инфраструктурага тийип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана транспорттук байланышына терс таасир этет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media