Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардык жол-транспорт түйүнүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган, мыйзамсыз курулган объектилерди алып салуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сибирский тар көчөсүндө жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 9 капиталдык курулуш жана 11 тосмо алынды. Натыйжада узундугу 144 метр, жалпы аянты 1700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул кадам жолду ачууга жана жарандардын эркин өтүүсүнө шарт түзөт.

2025-жылдын январь-ноябрь айларындагы 11 айдын жыйынтыгы боюнча башкармалык жалпы 127 116 чарчы метр муниципалдык жерди бошотту, бул ФИФА стандарты боюнча 18 футболдук талаанын аянтына барабар.

Бошотулган жерлер шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жолдорду кеңейтүүгө жана калктын ыңгайлуулугун камсыздоого багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media