Жер мыйзамдарын бузгандарга 8 млн 500 миң сомго чейин айып пул каралган

Жер мыйзамдарын бузгандарга 8 млн 500 миң сомго чейин айып пул каралган

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жарандарды жерлерин багытына ылайык колдонууга эскертет.

Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматы белгилегендей, айрым жарандар жерлерин багытына ылайык колдонбой, айрыкча айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышын бузуп жатышат. Бул — Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.

Айыл чарба жерлерине кум-шагыл төгүү, мыйзамсыз курулуш салуу, жердин кыртышын бузуу сыяктуу аракеттер олуттуу жоопкерчиликке алып келет. Мыйзам бузулганда айып пулдар бузулган жердин аянтына жараша эсептелет:
  • Жайыт жери: 1 гектар бузулган учурда чыгым болжол менен 930 000 сомго чейин;
  • Кайрак жана сугат айдоо жери: 1 гектар бузулган учурда чыгым 8 500 000 сомго чейин болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, бузулган жерди өз эсебинен баштапкы абалына келтирүү милдети жүктөлөт.

Жерди багытына ылайык колдонуу жана мыйзамдарды так сактоо калк үчүн туруктуу айыл чарба өнүгүүсүнө жана экологиялык туруктуулукка салым кошот, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу