Ала-Бука районунда жаңы прокуратура имараты ачылды

Ала-Бука районунда жаңы прокуратура имараты ачылды

КРнын Башкы прокурору Максат Асаналиев Ала-Бука районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокурор жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары баалап, бул кадамды коомдо адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган маанилүү аракет катары сыпаттады.

Жаңы имарат заманбап стандарттарга толук жооп берип, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздайт. Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык форматтагы бөлмөлөр каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан