Азык-түлүк баалары: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы өзгөрүүлөр

Азык-түлүк баалары: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы өзгөрүүлөр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия Федерациясы, Казакстан) азык-түлүк продуктуларынын баалары боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингге нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка азыктар кирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кыргызстанда: макарон азыктары (спагетти, вермишель) 3,1%, баш пияз 2,8%, картошка 1,5%, 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан 1,5%, жергиликтүү 1 сорттогу уну 1,3%, жумуртка 1,2%, каймак май 0,9%, макарон азыктары (рожки) 0,7%, тандыр нан 0,7%, өсүмдүк майы 0,3%, пастерленген сүт 0,1%га жогорулаган. Ал эми сабиз 6,2%, күрүч 0,2%, кум-шекер 0,2%га арзандаган.

Казакстанда: картошка 1,2%, сабиз 3,8%, уй эти 3,8%га кымбаттаган, ал эми кум-шекер 6,1%га арзандаган.

Россияда: 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан 11,5%, баш пияз 3,2%, уй эти 3,1%, каймак май 2,8%, өсүмдүк майы 2,7%, жергиликтүү 1 сорттогу уну 2,5%, сабиз 2,3%, картошка 2,4%, жумуртка 2,2%, макарон азыктары 3%, кой эти 2%, күрүч 1,8%, кум-шекер 1,8%га кымбаттаган.

Мониторингдин жыйынтыгы азык-түлүк рыногундагы өзгөрүүлөрдү көрүүгө, бааларды салыштыруу аркылуу керектөөчүлөргө маалымат берүүгө жана өкмөттүк органдардын чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media