"Тулпар Моторс" Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн негизин түзүүдө

"Тулпар Моторс" Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн негизин түзүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен “Тулпар Моторс” авто заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, заводдун расмий ачылышы 2024-жылдын 18-июлунда Президент Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин онлайн катышуусунда өткөн.

Проект Кыргызстан Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылып, өлкөдө жеңил жана коммерциялык автоунааларды чыгарууга багытталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу учурда жылына 10 миң автоунааны түзүп, кийинки этаптарда 30 миң даанага чейин жеткирүү пландалууда.

Завод ишке кириши менен 1000ден ашуун жаңы жумуш орду түзүлдү. Ишкананын жалпы аянты 4,5 гектар, ал эми курулуш иштери 2023-жылдын май айында башталган.

“Тулпар Моторс” заводунда чыгарылган автоунааларды сатып алууну колдоо максатында “Жеңилдетилген автонасыя” программасы иштеп жатат. Автокредиттин шарттары төмөнкүдөй:

  • Пайыздык чен: 8% жылына
  • Баштапкы төлөм: 20%
  • Кредит берүүчү банктар: “Элдик Банк” жана “Айыл Банк”
Жалпы инвестиция көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзгөн долбоор үч этапта ишке ашырылып, өлкөнүн автомобилдерди өндүрүү тармагында жаңы баракты ачууда. “Тулпар Моторс” Кыргызстанда өнөр жай потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media