Жаш ветеринарлар үчүн турак-жай жана карьера программасы старт алды

Жаш ветеринарлар үчүн турак-жай жана карьера программасы старт алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жаш адистерди колдоого багытталган "Жаш ветеринар: турак-жай жана карьера" аттуу пилоттук программаны ишке киргизүү үчүн Министрлер Кабинетинин токтом долбоору дайындалып жатканын маалымдайт.

Программа ветеринардык кадрлардын жетишсиздигин азайтууга, алыскы жана айылдык аймактарда жаш адистерди кармап калууга, ошондой эле ветеринардык көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.Токтомдун долбоору компетенттүү мамлекеттик органдардын алгачкы кароосунан өтүп, учурда тактоо жана толуктоо баскычында турат.

Пилоттук программанын алкагында 12 айдын ичинде 60 жаш адиске катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Катышуучулар кеминде 5 жыл иштеп берүү боюнча милдеттенме алышат. Программа төмөнкүлөрдү камтыйт: көтөрүм акыларды берүү; ипотекага баштапкы төлөм чогултууга арналган атайын депозитке ай сайын каражат топтоо; батир ижарасын компенсациялоо же кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу.

"Турак-жай + карьера" модели региондорду жаш ветеринарлар менен камсыз кылып, мамлекеттик ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга, биокоопсуздукту бекемдөөгө жана айыл аймактары үчүн оң социалдык-экономикалык таасир жаратууга багытталган.Министрлик бул демилгенин социалдык жактан маанилүү жана каржылык жактан туруктуу экенин белгилеп, жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууга даяр экенин кошумчалайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет. "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн