Евробиримдик башпаанек берүү талабын күчөтөт

Евробиримдик башпаанек берүү талабын күчөтөт

Евробиримдиктин ички иштер министрлери 8-декабрда башпаанек берүү боюнча эрежелерди дагы катаалдаштыруу чараларын макулдашканын epd агенттигине шилтеме кылуу менен “Азаттык” жазды. 

Жаңы макулдашууга ылайык, Евробиримдиктен тышкары “коопсуз өлкөлөрдөн” келген адамдардын башпаанек сураган арыздарын четке кагуу жеңилдетилет. 

Мурда өтүнүчү четке кагылса баш калка сураган адам өз өлкөсүнө кайтарылса, эми буга чейин эч качан барбаган өлкөлөргө да депортация болушу мүмкүн жана арызы четке кагылган учурда апелляция бүткүчө Евробиримдиктин аймагынан автоматтык түрдө чыгарылат.

Министрлер шаркеттин алгачкы жалпы “коопсуз өлкөлөр тизмесин” бекитишти. Ага Египет, Марокко, Тунис, Индия, Косово, Бангладеш жана Колумбия сыяктуу мамлекеттер кирди.

Андан сырткары, Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер өлкөдө согуш жана адам укуктарына олуттуу коркунуч болбосо, коопсуз деп эсептелет. Макулдашылган чаралар күчүнө кириши үчүн Евробиримдикке кирген өлкөлөр Европарламент менен бирге документтин акыркы формасын бекитиши керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан