Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча быйыл ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды.

Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп берип, кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга багытталган. Алардын катарында “JAC”, “JEEP”, “BMW”, “Lexus”, “Toyota”, “Chevrolet Cobalt”, “Hyundai”, “KIA”, “Changan”, “Lixiang” “ГАЗ Соболь”, “Лада Нива Легенда” сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар. Бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.

Учурда кышкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоо, жарандарга, эс алуучуларга ыкчам жардамдарды берүү үчүн кошумча карда жүрүүчү атайын техникалар алынып, аймактарга жиберилди.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды. Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду. Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

"Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат формасында жасалган эң чоң камыр үй Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Аны Голливудда (Лос-Анжелес) куруп чыгышкан. Долбоор Disney+ жана Hulu сервистери тарабынан тасманын 35 жылдыгына карата ишке ашырылган. Курулуштун көлөмү болжол менен 8 метр бийиктикте жана 20 метр узундукта. Үйдү курууга сегиз күн кетип, 4

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен. Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон. 2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га,