2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен.

Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон.

2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га, реалдуу эмгек акы 10,4%га көбөйдү.

Кошумча суроо-талапты чет өлкөдөн келген акча которуулар да түздү.

2025-жылдын январь–ноябрь айларында жеке адамдардын трансчегаралык акча которууларынын таза агымы 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22,9%га өскөн. Бул процесстер керектөөнү кеңейтип, ички бааларга басымды күчөтүп, суроо-талап инфляциясын күчөттү.

Ички рыноктун азык-түлүк товарларына, анын ичинде ун, өсүмдүк майы жана жармаларга импортко көз карандылыгы сакталып калууда. Бул жагдай бааларды тышкы рыноктогу шарттарга жараша тез өзгөргүдөй кылат.

Өзүнчө фактор катары логистиканын жана импорттун кымбатташы белгиленди.

Казакстанда темир жол ташууларына тарифтердин алгач 16%га, андан кийин дагы 35%га жогорулашы транспорттук чыгымдарды көбөйтүп, өндүрүш чыгымдары аркылуу инфляцияны күчөттү.

Баалардын динамикасына кредиттик активдүүлүк да таасир берди.

2025-жылдын январь–ноябрь айларында насыялоонун көлөмү 52%га өсүп, керектөө насыялары дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Бул ички суроо-талапты колдоп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүнө шарт түздү.

Соодалык өнөктөш өлкөлөрдөгү инфляциянын сакталып турушу тышкы басымды улантып жатат.

Анткени республика керектөө товарларынын олуттуу бөлүгүн ошол өлкөлөрдөн импорттойт. 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда баалар 11,4%га, Россияда 5,3%га, Беларусияда 6,5%га, Арменияда 2,0%га өскөн. Мындай динамика тышкы инфляциялык таасирлерди күчөтүп, ички рынокто баалардын төмөндөө мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

Мыйзам бузгандыгы үчүн төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторунун бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн салынган. Тактап айтканда, төлөм уюму төмөнкү талаптарды аткарбаганы аныкталган: * Кыргыз Республикасынын

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча туруктуу иштер улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты. Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршабдагы оорукананын 1950-жылы курулган имараты авариялык абалга келген

Куршаб айыл аймагында саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жылдыз Эгенбердиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж.Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты менен жолугушту. Дарыгерлердин айтымында, 1950-жылы курулган

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган "учуучу