Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр күчөтүлгөн. Банктардын саясаты декабрда Еврокомиссия Россияны акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо боюнча жогорку коркунучтагы өлкөлөрдүн тизмесине киргизгенден кийин өзгөргөн. Москва бул чечимди "саясий мүнөздө" деп сыпаттаган.

Буга чейин Politico басылмасы жазгандай, Россиянын Евробиримдиктин кара тизмесине киргизилиши каржы уюмдарын бардык транзакцияларды катуураак текшерүүгө мажбурлап, тобокелдиктерди азайтуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө түрткү берет.

Nordic Star адвокаттык бюросунун улук өнөктөшү Андрей Гусевдин айтымында, Армениянын айрым банктары чын эле Россияда жашаган россиялык жарандар үчүн доллар жана евро менен жүргүзүлгөн чыгыш төлөмдөргө этияттык менен мамиле кыла баштаган. Бул формалдуу тыюу салуулар жөнүндө эмес, операцияларды убактылуу токтотуу, кошумча текшерүүлөр же баш тартуулар тууралуу болуп жатат. Мындай чечимдер акчаны адалдоого каршы көзөмөлдүн (AML) күчөтүлүшү жана Евробиримдик менен АКШдагы банк-корреспонденттердин талаптары менен түшүндүрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media