Эки жылда курултай делегаттарынан түшкөн кайрылуулардын 71%ы аткарылды

Эки жылда курултай делегаттарынан түшкөн кайрылуулардын 71%ы аткарылды

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев делегаттардан канча кайрылуу түшүп жатканын жана алардын кандай аткарылып жатканын айтып берди.

Анын айтымында, 2023–2024-жылдары Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн 5 миң 900 кайрылуу каралып чыккан.

"Анын ичинен 3 миң 26 кайрылууну бардык министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иштеп чыгып, аткарылышын 71%га чейин жеткирдик. Бул — жакшы көрсөткүч", — деди ал.

Мыктыбек Абдылдаевдин маалыматына ылайык, өткөн жылдагы курултайдан кийин болжол менен 2,5 миң кайрылуу келип түшкөн. Алардын 500дөн ашыгы Министрлер Кабинетине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп, көптөгөн делегаттар өз кайрылуулары боюнча жооп алышкан.

Ал ошондой эле бардык кайрылууларды жана сунуштарды болгону алты эксперт иштеп чыгаарын, бул чоң жүк экенин белгилеп, делегаттардан сөздү кыска жана так айтып, негизги маселелерге токтолууну суранды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана