Быйыл Эмгек министрлигинин көмөгү менен 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү
2025-жылы өлкө боюнча 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бул көрсөткүч социалдык контракттар жана региондордогу коомдук иш-чаралардын натыйжасында ишке ашты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоону жана миграция министрлигинен билдиришти.
Социалдык контракттын алкагында социалдык жардам 100 миң сомдон 150 миң сомго жогорулап, 13 331 адам катышты. Бул үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын жакшыртып, чакан бизнести өнүктүрүүгө жардам берди.
Жумуш орундарынын 90%ы айыл жериндеги аялдарга берилди. Алар негизинен айыл-чарба (77,7%), кызмат көрсөтүү (8,9%), өндүрүш (7,3%) жана соода (6,1%) тармактарында иштешти.
Социалдык контракт катышуучулары бизнес багыттарын өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит алышты. 2025-жылы 1 101 адам бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланды.
Мындан тышкары, региондордогу коомдук жумуштардын алкагында 10 716, жеке ассистент кызматы менен 711 жаңы жумуш орун түзүлдү.
Бул чаралар үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана региондордун социалдык потенциалын жогорулатууга багытталган.