Инвестиция боюнча кеңеш бере турган чат-бот ишке кирди
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн онлайн кеңеш берүүчү чат-ботту ишке киргизди. Бул тууралуу агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, жаңы чат-бот инвестициялык маселелер боюнча 24 саат бою ыкчам консультацияларды берет.
Равшанбек Сабиров санариптик чечимдерди киргизүү инвестициялык чөйрөдө ачык-айкындуулукту жогорулатып, инвесторлор менен байланыштын ылдамдыгын камсыз кыларын белгиледи.
Ошондой эле ал 2026-жылы электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу, маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү максатында “Инвестициялар” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке ашырыларын кошумчалады.