Инвестиция боюнча кеңеш бере турган чат-бот ишке кирди

Инвестиция боюнча кеңеш бере турган чат-бот ишке кирди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн онлайн кеңеш берүүчү чат-ботту ишке киргизди. Бул тууралуу агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, жаңы чат-бот инвестициялык маселелер боюнча 24 саат бою ыкчам консультацияларды берет.

Равшанбек Сабиров санариптик чечимдерди киргизүү инвестициялык чөйрөдө ачык-айкындуулукту жогорулатып, инвесторлор менен байланыштын ылдамдыгын камсыз кыларын белгиледи.

Ошондой эле ал 2026-жылы электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу, маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү максатында “Инвестициялар” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке ашырыларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media
Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Адистердин

Ишкер Media
Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Манас" эл аралык аэропортунун жаңыланган инфратүзүмү менен таанышты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Ал "Манас-2" комплекси толук реконструкцияланганын, "Ош", "Ысык-Көл", "Жалал-Абад" аэропортторунда жаңы терминалдар салынып жатканын, "Каракол"

Ишкер Media