Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук коммерция ассоциациясы, мобилдик операторлор жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышып, өз сунуштарын ортого салышты.

Форумду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов ачты. Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, ДБУнун башкы катчысы, Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдор чыгып сөз сүйлөштү.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, форумдун программасы үч негизги бөлүмдөн турду. Алар:

  • Дүйнөлүк тенденциялар боюнча стратегиялык диалог;
  • Санариптик бажы жана тышкы соода инфраструктурасы;
  • Бизнес үчүн практикалык сессиясы болду.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media
Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Адистердин

Ишкер Media