Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн жаңы жабдыктар алынды

Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн жаңы жабдыктар алынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн заманбап жабдык-шаймандар менен камсыз болду.

Жабдык-шаймандарды министрликтин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жеринде текшерип, долбоордун жүрүшү жана жабдыктардын сапаты менен таанышты. Аларды Дүйнөлүк банк каржылаган "Туруктуу агро-азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору аркылуу, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу сатып алышкан.

Комплекттерде тоңдурулган урукту узак мөөнөткө сактоочу Дьюар идиштери жана башка атайын жабдуулар камтылган. Бул чаралар асыл тукумду өнүктүрүүгө, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media
Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Адистердин

Ишкер Media
Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Манас" эл аралык аэропортунун жаңыланган инфратүзүмү менен таанышты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Ал "Манас-2" комплекси толук реконструкцияланганын, "Ош", "Ысык-Көл", "Жалал-Абад" аэропортторунда жаңы терминалдар салынып жатканын, "Каракол"

Ишкер Media