Ноокатта 74 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ноокатта 74 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Герейт Шорон жалпы билим берүүчү мектебинин курулушу толук аяктап, окуучулар жаңы имаратта билим ала баштады. 1956-жылы курулган эски мектеп имараты быйыл заманбап талаптарга жооп берген жаңы имаратка алмаштырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 74 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси 550 окуучуга ылайыкталган.

Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Ошондой эле окуучулар үчүн лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек сабактары өтүлүүчү атайын класстар каралган.

Имараттын жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар менен камсыздалып, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

Салык кызматына чогулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынына катышты. "Бишкек – мамлекетибиздин борбору жана мамлекеттик казынага олуттуу салым кошкон маанилүү каржы борбору. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган 304 млрд сомдун 198,7 млрд сому Бишкекке туура келет – бул болжол менен 65%

Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады

Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады

Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү казакстандык объектилерге менчик укуктарын жөнгө салуу жана жер тилкелерин ижарага алуу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу Казакстан парламентинин жогорку палатасынын аппарат жетекчиси Максим Споткай билдирди. Анын айтымында, документтер Ысык-Көл облусундагы казакстандык курорттук-рекреациялык объектилердин ишмердүүлүгү үчүн бирдиктүү укуктук негизди түзөт. Тактап айтканда, объектилерге менчик укугун

Б.Алыкулов сейил багына 300дөн ачык көчөт отургузулду

Б.Алыкулов сейил багына 300дөн ачык көчөт отургузулду

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов сейил багына жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулганын муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 5 түрдүү жазы жалбырактуу дарактын 300дөн ашык көчөтү отургузулду. Алар: ясень, катальпа, клен, каштан жана павловния.  Бул иштер паркты жашылдандыруу жана шаар тургундары үчүн таза, кооз эс алуу аймагын түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды

КРнын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Президенттин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыгынын жоболору жана аларды ишке ашыруу тартибин талкуулашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш чаранын жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо багытында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда жана КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында