Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө президенттин атынан Changan үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык унаалардын ачкычын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды.

Мындан тышкары, быйыл шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү белгиленди.

Белгиленгендей, буга чейин да кайгуул кызматына 4 кызматтык унаа, башкармалыктын жетекчисине 1 унаа жана шаардагы милиция бөлүмдөрүнө 2 унаа тапшырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды. Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткен шаарында эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы соода түйүндөрүндө эттин баасын көзөмөлдөп, сатуучуларды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырышты. Учурда шаарда кой этинин 1 килограммы 850 сомдон, уй эти 800 сомдон