Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн жаңы борбор ишке кирди
Бүгүн Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөөгө багытталган атайын борбору расмий түрдө ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматына ылайык, долбоордун алкагында шаар көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды каттоочу 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы кошумча орнотулду. Натыйжада учурда Ош шаарында жалпы 125 камера үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Жаңы борбор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол эрежелерин бузган учурларды автоматтык режимде аныктоого, ошондой эле коомдук тартипти көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган.


