Түп райондук прокуратурасы жаңы административдик имаратка ээ болду

Түп райондук прокуратурасы жаңы административдик имаратка ээ болду

Бүгүн, 29-декабрда Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын салтанаттуу түрдө ачты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин уюштурууну жакшыртып, жарандардын кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароого, ошондой эле кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Маалыматка ылайык, Түп районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1970-жылы сактоо кассасы катары курулган, эксплуатациялык мөөнөтү өткөн имаратта иш жүргүзүп келишкен.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июль айында башталып, кыска мөөнөттө толук бүткөрүлдү. Натыйжада райондук прокуратура заманбап талаптарга жооп берген шарттуу жана ыңгайлуу имаратка ээ болду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду