УКМКнын “жалган” кызматкери кармалды

УКМКнын “жалган” кызматкери кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМК кызматкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР жараны Б.К.Б. (КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин мурдагы кызматкери) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, аталган жаран өзүн КР УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен ишкерлерди коркутуп, алардын ири суммадагы каражаттарын (26 300 АКШ доллары) тартып алган.

Ошол эле учурда, К.Б.К. социалдык жана ишкердик абалын маанилүү кылып көрсөтүү үчүн, өзүн КР УКМК төрагасынын, тагыраагы генерал-полковник К.К.Ташиевдин жардамчысы, ага түздөн-түз баш ийген адамы катары тааныштырып, ошондой эле анын уулу менен достук мамиледе экендигин айтып коркуткан.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

КР УКМК Б.К.Б.нын аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын нөөмөт кызматына кайрылууну суранат: 0312530301.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып