Унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 1 млрддан ашык акча түшкөн
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке жалпы 1 млрд 23,8 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин малыматында айтылат.
Мындан улам, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда мамлекетке түшкөн каражат 460,8 млн сомго көбөйгөнү белгиленди. Былтыр 11 айда тонировкага уруксат берүүдөн бюджетке 563,1 млн сом түшкөн.
Белгилей кетсек, алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат баасы жеке жактар үчүн бир жылга 50 миң сом, юридикалык жактар үчүн 70 миң сомду түзөт.