Башкы прокуратура "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" тутумун талкуулады

Башкы прокуратура "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" тутумун талкуулады

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын катышуусу менен "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун модулдары жана отчёттуулук маселелери боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, кеңешменин жүрүшүндө электрондук кылмыш иштерин жүргүзүүнүн практикалык аспектилери, материалдарды түзүү тартиби, прокурорго өз убагында жөнөтүлүшү жана маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл тутумда отчёттуулук түзүүгө бурулду. Катышуучулар маалыматтарды туура толтуруу, процессуалдык чечимдерди өз учурунда чагылдыруу жана статистикалык-аналитикалык жыйынтыктарды бирдиктүү ыкма менен даярдоо маселелерин карашты.

Белгиленгендей, отчёттук көрсөткүчтөрдүн тактыгы жана толуктугу укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү.

Башкы прокуратура маалыматтык тутумдун функциясын оптималдаштыруу жана электрондук иштердин сапатын жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып